Жалал-Абадда жыл башынан бери 1,2 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Күн мурун Жалал-Абад облусунда ушул жылдын биринчи кварталында аткарылган социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгын чыгарган облустук коллегия өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жыйынды президенттин өкүлү Тилек Текебаев жетектеп, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары, салык кызматынын, саламаттык сактоо, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.
Коллегияда жылдын биринчи кварталында Жалал-Абад облусунда кичи жана орто бизнес ишканалары жана калктын өндүрүштүк ишмердүүлүгү тарабынан 1 млрд 223 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөндүгү маалымдалды. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 149,2 пайыздык өсүүнү камсыздаган.
Облуста республикалык бюджеттин планы 3396,2 млн сом болсо, иш жүзүндө 538,9 млн сомго көп аткарылып, өсүү темпи 198,8 пайызга жеткен. Ал эми жергиликтүү бюджеттин планы 727,9 млн сом болсо, 769,7 млн сомго аткарылып, өсүү ыргагы 105,7%га же 41,8 млн сомго көп аткарылган. Аймактарда жалпы 1228 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.