Жалал-Абадда унаа чогултуучу заводду курууга даярдык көрүлүүдө

 Жалал-Абадда унаа чогултуучу заводду курууга даярдык көрүлүүдө

Жалал-Абад шаарында унаа жана жабдууларды чогултуучу заводду курууга даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн президенттин өкүлү Тилек Текебаев жүк ташуучу, жеңил, адистештирилген транспорт каражаттарын жана жабдууларды чогултуучу заводго бөлүнгөн жер аянтын көрүп, инвестор менен жолугушту.

Буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен Кытайдын “Цинь Цзи Автомобиль унааларын жана жабдууларын чыгаруучу ишканасы” ЖЧКнын ортосунда меморандумга кол коюлган.

Ага ылайык, Жалал-Абад шаарынын Рози Азимов көчөсүнүн №61 дарегинде жайгашкан, буга чейин карабай келген 44 800 чарчы метр жер аянты ажыратылып берилген. Алдыдагы убакытта өнүрүштүк жайдын курулушу башталып, керектүү жабдуулар орнотула баштайт. Аталган долбоор ишке ашырылса, калаада 500гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Облус башчысы Тилек Текебаев инвестициялык долбоорду ишке ашыруу аракетин активдештирүү зарылдыгын белгилеп, жергиликтүү бийликке зовдго берилүүчү ар тараптуу жеңилдиктерди мыйзам чегинде жүргүзүүнү тапшырды.

Связанный пост