Жалал-Абадда туризмди өнүктүрүү багытындагы үч жылдык стратегиялык план бекитилди
Жалал-Абадда облустук туризмди өнүктүрүү боюнча координациялык кеңешменин жыйыны өттү. Анда аймактын 2024-2026-жылдар аралыгында туризм тармагын өнүктүрүү боюнча талкуудан өткөн стратегиялык иш план бекитилди.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, эл аралык GIZ уюмунун мүчөлөрү, “Дестинация Жалал-Абад”, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жер-жерлерде туризм багытында иш алып барган жеке ишкерлер катышты.
Мындан сырткары тажрыйба алмашуу максатында келген коңшу Өзбекстан Республикасынын Андижан, Наманган жана Фергана облустарындагы туризм департаментинин кызматкерлери да катышты.
Анда облустун аймагындагы туристтик жайлардын шарттарын жакшыртуу, тейлөө сапатын өнүктүрүү, коопсуздук, жергиликтүү бийлик менен жеке секторлордун туруктуу туризм тармагында өз ара кызматташтыгын бекемдөө аракеттери талкууланды. Ага катар коюлган пландын алкагында натыйжалуу иш алып баруу сунуштары айтылды.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жалал-Абад облусунун туристик потенциалы арбын экенине токтолуп, бирок буга чейин аталган багытта иш алып барган топтордун башын бириктирүү, жергиликтүү бийлик менен пландуу иш алып баруу болбой келгенин белгиледи. Алдыдагы үч жыл алкагында бардык тараптарды тыгыз кызматташууга чакырды.