Жалал-Абадда селден жабыркагандарга 2,5 млн сом камсыздандыруу төлөндү
Жалал-Абадда селден жабыркагандарга 2,5 млн сом камсыздандыруу төлөндү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин президенттин өкүлү Тилек Текебаевдин Манас шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда жаран Людмила Клюкина селдин кесепетинен жабыркаган турак жайын камсыздандыруу боюнча маселени көтөргөн.
Көтөрүлгөн маселе боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан Людмила Клюкинага 1 млн сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу сертификаты тапшырылды.
Ошондой эле уюм тарабынан селден жабыркаган Манас шаарынын дагы бир тургунуна 1 млн сом жана Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын тургунуна 500 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрү берилди