Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине 18 жаңы кызматтык унаалар тапшырылды

 Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине 18 жаңы кызматтык унаалар тапшырылды

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында, облустук ички иштер башкармалыгана 18 даана жаңы кызматтык унаалардын ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик жана тармактын ардагерлери катышты.

Облус башчысынын орун басары Максат Сыдыков, милиция кызматкерлерин куттуктап, жаңы кызматтык унаалар милициянын кесипкөй ишин дагы да жогорулатып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо менен ар кандай кырдаалдардын алдын алууга көмөк көрсөтөөрүн кошумчалады.

Связанный пост