Жалал-Абадда Кытай өкүлдөрүнө инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди

 Жалал-Абадда Кытай өкүлдөрүнө инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Кытайдын Мамлекеттик курулуш корпорациясынын Инфраструктуралык курулуш департаментинин өкүлү Джоу Цзе менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйынга Базар-Коргон районунун акими, Кара-Көл жана Майлуу-Суу шаарларынын мэри, Соода-өнөр жай палатасынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн жана Майлуу-Суу лампа заводунун жетекчиси катышты.

Мында тараптар Жалал-Абад облусундагы артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда Базар-Коргон району, Майлуу-Суу жана Кара-Көл шаарларында чакан ГЭСтерди курууга ылайыктуу жерлер тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле аталган шаарларда өндүрүш ишканаларын ачуу, социалдык жана инфраструктуралык артыкчылыктуу долбоорлор сунушталды.

Базар-Коргон районундагы дүйнөгө белгилүү жаңгак токойлорун сактоо жана өнүктүрүү, жаңгак азыгын кайра иштетүү боюнча даяр инвестициялык долбоор бар экени айтылды.

Тилек Текебаев Жалал-Абад облусу инвесторлор үчүн ачык жана ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, бизнес долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди. Мында жергиликтүү тургундарды жумуш орундары менен камсыздоо, жаштардын кытай тилин үйрөнүүсүнө шарт түзүү талаптары бар экени кошумчалады.

Связанный пост