Жалал-Абадда эки дарыгерге сөгүш берилип, бир акушер иштен четтетилди

 Жалал-Абадда эки дарыгерге сөгүш берилип, бир акушер иштен четтетилди

Жалал-Абадда төрөт үйүндөгү бейтапка орой мамиле жасап, акча талап кылган акушер кызматтан четтетилди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Жалал-Абад облусунун Т. Д. аттуу тургуну кайрылган. Ал төрөт үйүндө шалаакылыкка туш болгонун, дарыгерлер этиканы сактабай, андан акча талап кылышканын айтып, укугун коргоп берүүнү өтүнгөн.

Т. Д.нын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 23-февралында Жалал-Абад облустук ооруканасына толгоосу кармап барган. Төрөт бөлүмүнүн Э.К. аттуу акушери кагып-силкип, өз милдетин талаптагыдай аткарбастан, этикага дал келбеген мамиле жасаган.

“Арызда аял көз жарары менен акушер анын жолдошуна чыгып, сүйүнчү сурап, акчаны башка бирөөнүн номерине котортуп алганы жазылат”, – деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчынын Жалал-Абад облустук ыйгарым укуктуу өкүлү аймактагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун директоруна акушер Э. К.нын аракеттерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү сунуштаган кат жолдогон. Андан сырткары, медициналык мекеменин жетекчилигин ооруканада мыйзамсыз акча талап кылуу жана жарандардын укугун бузган көрүнүштөргө бөгөт коюуга чакырган.

“Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын Акыйкатчы институтуна 20-майда берген жообунда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, акушер Э. К. жумуштан четтетилип, төрөт үйүнүн эки дарыгерине бейтаптардан акча алганы үчүн сөгүш берилгенин маалымдады”, – деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.

Связанный пост