Жалал-Абадда ачылган завод саатына 80 тонна асфальт чыгарууда

 Жалал-Абадда ачылган завод саатына 80 тонна асфальт чыгарууда

Жалал-Абад шаарында курулган асфальт-бетон заводу иштеп жатат.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, завод саатына 80 тонна асфальт чыгарып, өндүрүлгөн асфальт шаар көчөлөрүнө төшөлүүдө.

 

Эскерте салсак, 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 111,54 млн сомго аталган завод курулуп, 4 даана “Шахман” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу, 1 даана “Портер” үлгүсүндөгү автоунаа сатып алынган.

 

Учурда мэриянын Жол башкармалыгынын техникалык базасы чыңдалып, шаар көчөлөрүнө өз күчү менен асфальт төшөп жатат.

Связанный пост