Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга бюджети 1 млрд. 209,5 млн. сом деп бекитилди

Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги V сессиясы өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков, мэрдин орун басарлары, депутаттар жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Сессияда шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга бюджетинин долбоорун тааныштырып, аны депутаттар бир добуштан колдоп берди.
Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин планы 1 млрд. 209,5 млн. сом деп бекитилди. Бул 2024-жылга бектилген пландан 157,6 млн. сомго көп.