Жалал-Абад шаарында көгүлтүр отко карызы бар абоненттердин газ түтүкчөлөрү кыркылууда
Бүгүн, 14-сентябрда “Газпром Кыргызстан” Жоопкерчилиги чектелген коомунун «Жалалабатгаз» филиалы тарабынан газга болгон карызын төлөбөгөн абоненттердин газ түтүкчөлөрү кыркылды.
Аталган мекемеден билдиришкендей, газга болгон төлөмдөр өз убагында жүргүзүлбөгөн учурда бир ай эскертүү берилет. Ошол аралыкта да төлөбөй кечиктирип жүрө бергендерге туум кошулат. Ал эми жогорудагы эки мүмкүнчүлүк берилген учурда дагы төлөбөй жүргөн абоненттердин газ түтүкчөлөрү кыркылат.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын аймагында 10 миң сомдон 100 миң сомго чейин карызы бар 200 гө жакын абонент бар.