Жалал-Абад шаарына акылдуу эсептегичтерин орнотуу уланууда

 Жалал-Абад шаарына акылдуу эсептегичтерин орнотуу уланууда
Жалал-Абад электр тармактар ишканасы 2024-жылдын май айына чейин 13 947 даана “акылдуу эсептегич” орнотуу пландалган. Учурда Жалал-Абад ЭТИ тарабынан эсептегичтерди орнотуу иштери жүрүп жатат.
“Акылдуу эсептегич” калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо менен бирге керектөөчүлөр үчүн да бир топ ыңгайлуулук жаратат. Алсак, ашыкча электр жабдууларын жүктөөдөн коргоого жардам берип, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну эскертип турат. Ошондой эле эсептегичтин маалыматтарын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары керектөөчүлөр тарабынан “акылдуу эсептегичге” өз алдында колдонуу аракеттери болсо, аны автоматтык түрдө маалымдайт.
Эскерте кетсек Жалал-Абад ЭТИге 2023-жылы жалпы 25 407 “акылдуу эсептегич” алып келинип, анын 11 460 даанасы колдонуучуларга орнотулган.

Связанный пост