2023-жылы Мамлекеттик ипотекалык компанияга 4,2 млрд сом бөлүнгөн

 2023-жылы Мамлекеттик ипотекалык компанияга 4,2 млрд сом бөлүнгөн

2023-жылы “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик программасын ишке ашырууга жана “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКтын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында бюджеттен 4 млрд 260,8 млн сом бөлүнгөн.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, каражаттар төмөнкүлөргө багытталган:

– Германиянын KfW өнүктүрүү банкына мамлекеттик карызды конверсия аркылуу биринчи транш менен 500,0 млн сом;

– Германиянын KfW өнүктүрүү банкына мамлекеттик карызды конверсия аркылуу экинчи траншка 469,05 млн сом;

– уставдык капиталды көбөйтүүгө 2 216,8 млн сом. Бул каражаттар турак жайларды курууга жумшалды – Скрябина көчөсү, 45 дарегиндеги 15 кабаттуу үй; Айтматов көчөсү 102/1 18 кабаттуу үй; Маликова көчөсү 91 (ТК-47) 28, 24, 18 кабаттуу үйлөр;

– “МИК” ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө КР президентинин фондунан 75,0 млн сом Жалал-Абад облусунун УКМК кызматкерлерине турак жай сатып алуу үчүн (КР президентинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 181-т);

– Жалал-Абад шаарында турак жай комплексин курууга (КР президентинин 2023-жылдын 16-ноябрындагы жана 29-декабрындагы No 222-т) “МИК” ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө Стабилдештирүү фондунан 1 000,0 млн сом.

Мындан тышкары, КР министрлер кабинетинин чечимдерине ылайык, коомдун уставдык капиталына салым катары 1 011,5 млн сом суммасында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр которулган.

Анын ичинен:

– 1 008,6 млн сом суммасында кыймылсыз мүлк (квартиралар, жер участоктору);

– 2,9 млн сом суммасында кыймылдуу мүлк (электромобиль).

Белгилей кетсек, “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020”, “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик турак-жай программасы ишке ашырылгандан бери 8868 адамга 14 625,9 млн сом ипотекалык насыя берилген.

Связанный пост