Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

Бүгүн саат 07:17де Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Тегирмен-Суу айылынан түндүк-батышка карай 10 чакырым, Аркит айылынан түштүк-батышка карай 17 чакырым аралыкта жайгашып, Аркит, Жылгын, Тегирмен-Сай, Жол-Сай, Ит-Агар айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.