Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган 1 миңден ашык үй-бүлө көчүрүлөт

 Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган 1 миңден ашык үй-бүлө көчүрүлөт

Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган үй-бүлөлөргө көчүп чыгуу боюнча эскертүү нускамалар берилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын район шаардык бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери жана жергиликтүү көчүрүү комиссиясы менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүп, кооптуу аймактан биротоло көчүп чыгуу керек экендиги эскертилүүдө.

Белгилей кетсек, облус аймагында 1074 үй-бүлө кооптуу аймакта күнүмдүк тиричилигин улантып келишүүдө, бул үй-бүлөлөрдүн басымдуу бөлүгү Сузак районунда жайгашкан.

Связанный пост