Жалал-Абад облусунда эки көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө

Жалал-Абад облусунда эки көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районундагы Дмитриевка-Кара-Алма унаа жолунун 5-чакырымындагы көпүрөнүн курулуш иштери уланууда. Бүгүнкү күндө көпүрөнүн бетон дубалын куюу жумуштары аткарылып жатат.

Эске салсак, буга чейин жараксыз абалга келген көпүрөнүн ордуна узундугу 18 метр, туурасы 10 метрди түзгөн жаңы көпүрөнү куруу жумуштары былтыр күз айларында башталган. Ал эми жергиликтүү тургундардын ыңгайлуулугу үчүн альтернативдүү каттам берилип, убактылуу көпүрө да курулган.

Ошондой эле Катыраңкы-Кара-Алма жолунда узундугу 15 метр, туурасы 10 метрди түзгөн көпүрөнүн курулушу уланып жатат. Катыраңкы айылы менен Кара-Алма айылын байланыштырган көпүрөнү июль айына чейин бүткөрүү пландалууда.

Связанный пост