Жалал-Абад облустук ооруканасынын Көз оорулар бөлүмүнө 2,5 млн сомдук УЗИ аппараты менен камсыздалды

Улуттук Кызыл Ай Коому Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын Көз оорулар бөлүмүнө 2 млн. 500 миң сомдук УЗИ аппаратын тапшырды. Эми мында дарыланып жаткан бейтаптар акысыз бул аппараттан пайдалана алышат. Заманбап бул жабдык көздүн алдыңкы, арткы челин аныктоодо жардам берип, деги эле көздүн бүт түзүлүшүн ар тараптуу көрсөтүп бере алат.

Буга чейин облустук ооруканадагы бейтаптар бул кызмат үчүн жеке клиникаларга кайрылышчу. Оорукананын ар тараптан өнүгүүсүнө кошкон салымы жана кызматташтыгы үчүн Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова Улуттук Кызыл Ай Коомуна ыраазычылык билдиришти.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнө облустун бардык аймагынан кайрылышат. Көз ооруларын дарылоо иштерин жакшыртуу максатында 2018-жылдан бери Кыргызстандын Улуттук Кызыл-Ай коому ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.

Связанный пост