Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы жана орун басары кызматтан алынды

 Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы жана орун басары кызматтан алынды

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңиш Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев чуулгандуу кармоодон кийин ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү буйрук ИИМде өткөрүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен чыгарылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ушул эле буйрук менен Жалал-ОИИБдин 13 жетекчи кызматкерине тартип жазалар берилди.

 

Ал буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлгөн:

 

КРнын укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын бузгандыктары;

кол алдындагы кызматкерлердин арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүктөрү;

бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракеттерди жүргүзбөгөндүктөрү;

шектүү же айыпкер катары аныктала элек жарандарды кармоодо милиция кызматкерлери коомдук жайда эскертүүсүз күч колдонуп Жалал-Абад облусунун жашоочусун кармап жаткан факт боюнча видеотасмалар интернетте тарап, коомчулук тарабынан талкууга алынып, милиция кызматкерлеринин абройуна шек келтиргендиктери үчүн.

Связанный пост