Жалал-Абад облустук администрациясынын жаңы имаратынын курулушун тездетүү тапшырылды

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун администрациянын жаңы имаратынын курулушунан кабар алды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, анда курулушту сапаттуу жана тез бүткөрүү, жаңы имараттын айланасын иретке келтирүү боюнча тиешелүү тараптарга тапшырма берилди.

Ошондой эле Ташиев Жалал-Абадда жаңы салына турган филармониянын жанына жаңы музей курууга жер бөлүп берүүнү тапшырды. Буга чейин филармония курууга 2 гектардан ашык жер ажыратылып, учурда курулушту баштоого даярдыктар жүрүп жатат.

Мындан тышкары, алдыда Жалал-Абад шаарынын ичиндеги бардык базарлар, автоунаа оңдоочу жана тейлөөчү жайлар шаар сыртына чыгарылары дагы айтылды. Ал эми Тумөнбай Байзаков проспектиси кеңейтилип, шаар ичи толугу менен иретке келтирилет.

Андан ары Ташиев “Жеңиш” паркындагы курулуш иштеринен кабар алды. Сейил бакты эл эс ала тургандай жайлуу, коопсуз кылып салууну жана сапатына көңүл бурууну эскертти. Аны менен катар парктагы согуш окуяларынын жана тарыхый инсандардын эстелиги үчүн өзүнчө жай уюштурууну тапшырды.

Камчыбек Ташиев чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык жарандар мекенге келип, ишкердик баштаса бийлик тарабынан колдоого алынарын белгиледи.

Связанный пост