Жалал-Абад электр тармактар ишканасына жыл башынан бери 11 даана жаңы авто унаа берилди
Бүгүн, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов, КУЭТ тарабынан бөлүнгөн 9 даана жаңы авто унааларды район электр тармактар ишканаларына тапшырды.
Сүйүнбек Усенов, өз сөзүндө техникалардын берилиши жумуштун сапатын жакшыртууга, калкты электр энергиясы менен камсыздоодо ишенимдүүлүктү арттырууга өбөлгө түзөт деди. Күз-кышка карата камылгаларды тиешелүү деңгээлде жүргүзүп, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого болгон аракеттерди көрүүгө чакырды. Ошондой эле унааларды бөлүүдө , муктаждык жана жумуштун көптүгүн эске алганын баса белгиледи
6 бригадалык унаа жана 3 экскаватор зарыл болгон район электр тармактар ишканаларына бөлүндү.
Алыскы тоолуу жана керектөөчүлөрү көп, электр чубалгылары узун райондорго берилди.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасы боюнча 110 даана көмөк чордон бар, ал эми электр чубалгылардын узундугу 2714 чакырымды түзөт.
Авто унаалардын берилиши , жумуш ыргагын тездетип, кызматкерлерге кошумча шарт боло алат. Анткени, мурунку унаалардын эскилиги жеткен. Оңдоп-түзөөнү көбүрөөк талап кылчуу. Андан дагы, экскаваторлорду кезектешип иштеткенге туура келчүү.
Техникага болгон муктаждыктар чечиле баштады. Мындан 2 ай мурун дагы эки жаңы унаа келген.
Эскерте кетсек, министр Таалайбек Ибраев өткөн жылы ишкананын кызматкерлери менен жолугушуп, унаага болгон зарылдыкты көрүп, ушул жылга жаңы машиналар менен камсыз кылууну убадалган.