Жаңы баңгизаттардын пайда болушу тууралуу эрте билдирүү механизми жөнүндө жобо бекитилди

 Жаңы баңгизаттардын пайда болушу тууралуу эрте билдирүү механизми жөнүндө жобо бекитилди

Министрлер кабинетинин токтому менен Кыргызстанда жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо механизми тууралуу жобо бекитилди.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Эрте билдирүү механизминин милдеттери жаңы баңгизаттардын жана психоактивдүү заттардын жүгүртүлүшүнө байланышкан кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана баалоо, Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, калкын, ошондой эле эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдарды жүгүртүүдө жаңы баңгизаттардын жана психоактивдүү заттардын пайда болгондугу жөнүндө өз убагында кабардар кылуу болуп саналат.

Связанный пост