Юстиция министрлиги адвокатура жаатында ири реформаны баштады

 Юстиция министрлиги адвокатура жаатында ири реформаны баштады

Юстиция министрлиги “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамын өркүндөтүү боюнча кеңири масштабдагы иштерди баштады.

Ведомстводон билдиришкендей, бул демилге адвокатура институтунун натыйжалуулугун жогорулатууга, анын көз карандысыздыгын чыңдоого, кесиптик өз алдынча башкарууну жана юридикалык жардамдын сапатын арттырууга багытталган.

Маалым болгондой, министрликтин буйругу менен тармактык мыйзамдарга комплекстүү талдоо жүргүзүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлөт.

Анын негизги милдети колдонуудагы мыйзамдарды изилдеп, укуктук жөнгө салуудагы кемчиликтерди аныктоо жана сунуштарды даярдоо болуп саналат. Анын курамына Юстиция министрлигинин, Адвокатуранын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана тажрыйбалуу адистер кирет.

Министрлик адвокаттык коомчулукту, илимий чөйрөнү жана бардык кызыкдар тараптарды бул ишке активдүү катышууга чакырат.

Байланыш телефону: 0502 232 677.

Связанный пост