ЮНЕСКОнун Башкы директору Ала-Арча капчыгайындагы Адыгене жана Голубин мөңгүлөрүнүн үстүнөн учуп өттү

 ЮНЕСКОнун Башкы директору Ала-Арча капчыгайындагы Адыгене жана Голубин мөңгүлөрүнүн үстүнөн учуп өттү

2023-жылдын 9-июнунда Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле Ала-Арча капчыгайындагы Адыгене жана Голубин мөңгүлөрүнүн үстүнөн учуп өттү.

Одрэ Азуле, анын делегациясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен бирге климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу орун алган көйгөйлөрдөн улам жабыркап жаткан мөңгүлөрдүн учурдагы абалы менен таанышты. Борбордук Азия геоилимдер институтунун директору Болотбек Молдобеков глобалдык климаттык кризис шартында Кыргызстанда мөңгүлөрдү сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Кыргызстандын мөңгүлөрүнө баруу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан 2021 жана 2022-жылдары Одрэ Азуле менен болгон жолугушууларда сунушталган жана Кыргызстандын демилгеси менен 2021-жылдын ноябрь айында өткөн ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясында кабыл алынган «Тоо мөңгүлөрүнө мониторингди жана изилдөөнү күчөтүү» резолюциясын ишке ашырууга байланыштуу.

ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле өзү жетектеген уюм Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча аракеттерин колдоого даяр экенин билдирди.

Связанный пост