Ысык-Көлдөн Бишкекке келе жаткан унаалардын саны 110 миңден ашты

 Ысык-Көлдөн Бишкекке келе жаткан унаалардын саны 110 миңден ашты

Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына келе жаткан унаалардын саны 110 миңден ашты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жума жана ишемби күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагына болжолдуу түрдө 110 миңден ашуун унаа кирген. Ал эми бүгүн кайра эле ошол унаалар Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу аркылуу шаарды көздөй кирип келишүүдө.

Мындан улам жол тескөөчүлөрү айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Шаарга кирип жаткан унаалардын көп каттамын эске алуу менен ЖКККББгы жалпы айдоочуларды катуу ылдамдыкта айдабай, каршы тилкелерге жана жол жээктерине чыкпай өз багыты менен гана унааларды башкарууну эскертет.

Учурда жол тескөөчүлөрү күчөтүлгөн тартипте унаа тыгындарына жол бербеш үчүн жол кыймылын жөнгө салышууда.

Связанный пост