Ысык-Көлдө жер титиреди

 Ысык-Көлдө жер титиреди

Кытайдагы жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 05:31де Кытайдын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

 

Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилди.

 

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост