Ысык-Көлдө “Формула-1” мелдешине карата коопсуздук чаралары күчөтүлдү

 Ысык-Көлдө “Формула-1” мелдешине карата коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Ысык-Көлдө өтө турган суу-мотор спорту боюнча UIM F1H2O дүйнө чемпионаты (“Формула-1” суудагы жарышы) учурунда коопсуздукту камсыздоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көчмө штабдары уюштурулду.

Министрликтин облустук башкармалыгынын маалыматына караганда, 31-июлдан 2-августка чейин өтө турган мелдештин жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кырсыктарга ыкчам чара көрүү жана жеринде координация иштерин жүргүзүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

“Иш-чара өтүп жаткан аймактарда атайын унаалар, өрт өчүрүүгө ылайыкталган катерлер жана куткаруучулар нөөмөткө коюлуп, коопсуздук талаптары көзөмөлдөнүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Башкармалык эл аралык мелдеш учурунда катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш алып барууда.

Связанный пост