“Каракол” аэропортунан августта алгачкы эл аралык каттам аткарылары пландалууда

 “Каракол” аэропортунан августта алгачкы эл аралык каттам аткарылары пландалууда

“Каракол” аэропортунан август айынын ортосунда алгачкы техникалык эл аралык каттам аткарылары пландалууда. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын жетекчиси Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда алгачкы эл аралык каттамдарды кабыл алууга даярдыктар акыркы этапка келди. Курулуш иштери 95% аткарылды. Учуу-конуу тилкесин узартуу боюнча негизги иштер дээрлик аяктады.

Манас Самидинов белгилегендей, учурда жаңы тилкеге заманбап жарык-сигнал берүүчү жабдуулар орнотулду.

“Бул аэропортту жаңы форматта иштетүүгө даярдоонун акыркы баскычтарынын бири болуп саналат. Бардык ишке киргизүү жана жөнгө салуу иштери аяктагандан кийин, аэропорт аба кемелерин күндүз да, түнкүсүн да кабыл алып, жөнөтө алат. Бул анын эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет. Август айынын ортосунда “Каракол” аэропортунан алгачкы техникалык эл аралык каттамдын аткаруусу пландалууда. Ошол эле учурда авиакомпаниялар менен туруктуу эл аралык каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда”, – деп айтты ал.

Связанный пост