Ысык-Көлдө 822 конок үйү саркынды сууларды тазалоо курулмаларына кошулган эмес

Ысык-Көл облусунда 822 конок үйү саркынды сууларды тазалоо курулмаларына туташтырылган эмес. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, президенттин “Ысык-Көл көлүнүн экологиясын коргоо боюнча шашылыш чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруунун алкагында Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан эс алуу объектилерине инвентаризациялоо иштери жүргүзүлдү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ысык-Көл облусунун аймагында экологиялык мыйзам бузууларды көзөмөлдөө жана алдын алуу иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө.
Белгиленгендей, тазалоо курулмалары жок болгон конок үйлөр, пансионаттар жана мейманканалар ишмердүүлүгүн улантууга уруксат албайт.