Ысык-Көлдүн жээгинде 155 гектарга жакын аймак тазаланды

Ысык-Көлдүн жээгинде 155 гектарга жакын аймак тазаланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун Ысык-Көл облусунда жалпы облустук ишембилик өттү. Ишембиликке 253 мекеме жана уюмдардын 3 миңге жакын кызматкерлери катышып, көл жээгинин тазалыгына өз салымдарын кошушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн жээгиндеги болжол менен 155 гектар аймак таштандыдан тазаланды.
“Бул демилге Ысык-Көлдүн кооздугун жана экологиялык өзгөчөлүгүн сактоо максатында уюштурулду”, – деп айтылат маалыматта.