Ысык-Көл жана Нарын облустарында сел жүрүшү мүмкүн

 Ысык-Көл жана Нарын облустарында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 8-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Андыктан, ӨКМ бул күндөрү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болууну сунуштайт.

Связанный пост