Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

 Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

Бүгүн, 29-августта саат 16:14тө Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 2,5 баллга жеткен.

 

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга айылынан түштүккө карай 13 чакырым, Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 30 чакырым аралыкта жайгашкан.

 

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост