Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

 Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

Бүгүн саат 12:17де Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылынан чыгышка карай 20 чакырым, Кызыл-Жар айылынан түштүк-чыгышка карай 22 чакырым, Караол шаарынан түндүк-чыгышка карай 72 чакырым аралыкта жайгашып, Жыргалаң айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост