Ысык-Көл облусуна январь-февралда 54,1 млн сом каржыланды
2024-жылдын январь-февраль айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бюджеттерине 54,1 млн сом каржыланган.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- теңдөөчү трансферттер – 39,1 млн сом;
- электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 9,8 млн сом;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 5,2 млн сом каржыланган.