Ысык-Көл облусуна былтыр 1,3 млн турист келип кеткен

 Ысык-Көл облусуна былтыр 1,3 млн турист келип кеткен
Отчеттук мезгилде облуска 1 млн 300 миң эс алуучулар келип эс алышты. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 100 миң эс алуучуга көп болду. Бул туралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы каралган жыйында билдирди.
Облус жетекчиси Э. Абдыкадыровдун айтымында туризм тармагынан түшкөн салыктардын көлөмү өсүп, курорттук-эс алуу жайларынан түшкөн салыктардын көлөмү 311 млн сом акча каражатын түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу (247,3 млн. сом) өсүү темпи 126,0 пайызды түздү.
Туристтерди тейлөө кызматын жакшыртуу максатында 4 рэст-поинттердин курулушу аяктады жана 5 туристтик-сервистик борборлордун курулушу жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын таасири менен Ысык-Көл облусунда 2022-2023-жылдар аралыгында 33 жаңы саркынды тазалоочу курулмалар ишке берилди.

Связанный пост