Ысык-Көл облусуна 9 айда 981,7 млн сом которулду
КРнын Финансы министрлиги Ысык-Көл облусуна 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган каражаттар боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, бөлүнгөн бюджеттер аралык трансферттер:
Ысык-Көл облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 981,7 млн сом акча каражаты каржыланган.
Алар:
- Теңдөөчү трансферт – 203,3 млн сом;
- Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө – 23,5 млн сом;
- Электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 21,9 млн. сом;
- Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 41,2 млн. сом;
- Айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 6,8 млн. сом;
- Каракол шаарын өнүктүрүүгө – 685,0 млн сом.