Ысык-Көл облусу күз-кыш мезгилине 77% даяр

 Ысык-Көл облусу күз-кыш мезгилине 77% даяр

19-20-август күндөрү энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусунун күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр облустагы 7 райондук электр тармактарындагы пландын аткарылышын жана керектүү жабдуулар менен камсыз болушун көзөмөлдөдү.

Министрдин сапарынын алкагында энергетика тармагындагы ири иштер жана элге үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү багытында жасалган аракеттер өзгөчө белгиленди.

Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын башкы инженери Кубат Асанакуновдун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө облус күз-кыш мезгилине 77 пайыз даяр.

Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери 27 500 ашык “акылдуу” эсептегичтер орнотулду, натыйжада жоготуулар 1,7 пайызга азайып, натыйжасын берүүдө. 851 эскирген жыгач мамы темир-бетон мамыга алмаштырылды, 17 жаңы көмөк чордон орнотулуп, 175 көмөк чордон капиталдык оңдоодон, 895 техникалык тейлөөдөн өттү.

Ошондой эле 17,5 чакырым узундуктагы заманбап СИП зымдары тартылып, электр энергиясынын жоготуулары азайтылды.

Мындан тышкары, министр ар бир РЭТтин абалы менен жеринен таанышып, кызматкерлер тарабынан айтылган сунуштарга, пикирлерге көңүл бөлүп, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Связанный пост