Ысык-Көл облустук коллегиясынын жыйынтыгы менен бир катар кызматкерлердин жумуш орду каралып, сөгүш жан эскертүүлөр берилди
Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2023-жылдын I-жарым жылдыгынын жыйынтыгы жана 2023-жылдын II-жарым жылдыгына карата милдеттери, Ысык-Көл, Тоң райондук мамлекеттик администрациялардын, Каракол шаардык мэриясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучулук тартиби жөнүндө маалыматтарын угуп, талкуулап жана пикир алмашуу менен Ысык-Көл облустук коллегиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына төмөндөгүлөр боюнча сунуштар берилсин:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ №131 «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июнундагы № 322-т тескемесин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун камсыз кылуу багытында тиешелүү аткаруу, уюштуруу иштери төмөнкү деңгээлде уюштурулгандыгы, жер фондун инвентаризация иштерин жүргүзүү боюнча бир нече эскертүү тапшырмаларга карабастан жеринде комиссия түзүлбөй, эч кандай иштер алып барылбагандыгы, 2023-жылдын 6 айында балдар арасында өзүн-өзү өлтүрүүнү болтурбоо, балдарга карата жасалган кылмыш иштерин алдын алуу чараларын көзөмөлгө алып, жетиштүү деңгээлде уюштурбагандыгы, райондун аймагындагы коомдук-саясий абалдын туруктуулугуна терс таасир тийгизе турган кырдаалдарды болтурбоого карата жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин тиешелүү деңгээлде жүргүзбөгөндүгү жана укук бузуулардын алдын алуу иштеринде кетирген кемчиликтери үчүн Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими К.А. Жумадыловдун кызмат ордун кароо боюнча;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун аткарылышын камсыз кылуу багытында тиешелүү аткаруу, уюштуруу иштери төмөнкү деңгээлде уюштурулгандыгы, жарандардын арыз, кайрылууларын жеринде чечүүгө карата толук иш алып барылбагандыгы, райондун аймагындагы коомдук-саясий абалдын туруктуулугуна терс таасир тийгизе турган кырдаалдарды болтурбоого карата жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин тиешелүү деңгээлде жүргүзбөгөндүгү үчүн Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы – акими К.М.Адиевдин кызмат ордун кароо боюнча;
– Негизги капиталга өздөштүрүлгөн инвестициялар жөнүндөгү Каракол шаарынын отчетунун статистикалык органдарга туура эмес берилгендиги жана тийиштүү көзөмөл жүргүзүлбөгөндүгү үчүн Каракол шаарынын мэри Ч.А. Бапаевге эскертүү берүү боюнча.
3. 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен өнөр-жай продукциясынын көлөмүн өткөн жылга салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индексин аткарбагандыгы (96,6%), жаңы өндүрүш ишканаларын ачуу боюнча иш алып барбагандыгы, райондун аймагындагы коомдук-саясий абалдын туруктуулугуна терс таасир тийгизе турган кырдаалдарга карата жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин тиешелүү деңгээлде жүргүзбөгөндүгү жана укук бузуулардын алдын алуу иштеринде кетирген кемчиликтери үчүн Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими Б.К. Астанакуловго сөгүш берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде жер мунапысына тиешелүү жумуштарды, райондун аймагындагы коомдук-саясий абалдын туруктуулугуна терс таасир тийгизе турган кырдаалдарга карата жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзбөгөндүгү, жарандардын арыз, кайрылууларын жеринде чечүүгө карата толук иш алып барылбагандыгы жана райондун борбору Теплоключенка айылына саркынды сууларды тазалоочу жайын куруу боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзбөгөндүгү үчүн Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими М.Ж. Насировго сөгүш берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомунун негизинде жер мунапысына тиешелүү жумуштарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 24-мартындагы № 29 тескемесин жана жайкы туристтик мезгилге курорттук-рекреациялык объектилерге паспорт берүү иштерин натыйжалуу иш алып барбагандыгы үчүн Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Д.А. Акматовага сөгүш берилсин.
6. Дарылоо-алдын алуучу мекемелеринин облустун аймактарында жашаган камсыздандырылбаган жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полистери менен камтуу боюнча көрүп жаткан аракеттери жетишсиз үчүн Каракол шаарынын вице-мэри Г.Ж. Орозовага, Балыкчы шаарынын вице-мэри А.Э. Туркмановго, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А.Т. Исаматовага эскертүү берилсин.
7. 2023-жылдын 6 айында 1 жашка чейинки ымыркай балдардын өлүмдөрүнүн өсүшүнө байланыштуу төрөткө чейин, төрөт учурунда, төрөттөн кийин эне, баланы сапаттуу медициналык кызмат менен камсыздоону, камсыздандырылбаган жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полистери менен камтууну жетиштүү деңгээлде уюштурбагандыгы, балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча өз деңгээлинде жүргүзбөгөндүгү үчүн Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Г.К. Суранчиевага, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары В.М. Бейшебаевага, Түп райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Э.А. Дюшебаевага эскертүү берилсин.
8. Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы – акими Э.И. Бахавадиновдун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун аткарылышын камсыз кылуу багытында тиешелүү аткаруу, уюштуруу иштери төмөнкү деңгээлде уюштурулгандыгы белгиленсин жана 2023-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен Жети-Өгүз районунун тиешелүү мамлекеттик кызматтардын жетекчилеринин жана айыл аймактарынын айыл өкмөт башчыларынын жоопкерчиликтери каралсын.
9. Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.А. Жумадылов Ысык-Көл районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучулук тартибинин төмөндөп кеткендигине жол бергендиги үчүн Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси К.Р. Райымбековго карата белгиленген тартипте сөгүш берилсин.
10. Каракол шаарынын мэри Ч.А. Бапаев Каракол шаардык мэриясынын аппаратынын аткаруучулук тартиби төмөндөп, келген документтердин мөөнөттөрү өтүп, сапатсыз аткаргандыгы жана арыз, кайрылуулар өз убагынан кечиктирип, мөөнөттөрү өткөрүп аткарылгандыгы үчүн Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жеткчиси Р.Ж. Сагынбаевге карата белгиленген тартипте эскертүү берилсин.
11. Райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдеринин, Каракол, Балыкчы шаарларынын мэрлеринин тигүү тармагындагы ишканалардын бош жумуш ордуларын тиешелүү жумуш күчү менен камсыздоо боюнча ишти начар алып баргандыгы белгиленсин.
12. Республикалык бюджеттин 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен пландык көрсөткүчтөрдү Ак-Суу (Р.М. Акматов), Жети-Өгүз (Э.Б. Акматов), Ысык-Көл (С.А. Жусупов), Түп (К.А. Маматкулов) райондорунун жана Каракол (А.Т. Байымбеков), Балыкчы (У.А. Бекбосунов) шаардык салык кызматтарынын жетекчилери тарабынан аткарбагандыктары белгиленсин жана 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен пландык көрсөткүчтөрдү толук кандуу аткаруу милдеттендирилсин.
13. Балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алууну, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды табууну, алар менен иштөөнү өз деңгээлинде жүргүзбөгөндүгү үчүн, Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы–аким К.М.Адиев Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы К.Т.Кылычбаевге, анын орун басары А.С.Рымбековго, бөлүм башчысы Р.М.Кувандыковго жана Балбай (М.Б.Бакасов), Карасаев (К.Ж.Кайыков), Каркыра (Р.Т.Черикбаев) айыл аймактарынын айыл өкмөт башчыларына карата тартиптик жаза көрүү тапшырылсын.
14. 2023-жылдын 6 айында 1 жашка чейинки ымыркай балдардын өлүмдөрүнүн өсүшүнө байланыштуу төрөткө чейин, төрөт учурунда, төрөттөн кийин эне, баланы сапаттуу медициналык кызмат менен камсыздоону өз деңгээлинде жүргүзбөгөндүгү үчүн Ак-Суу (К.Б.Алымбеков), Жети-Өгүз (Э.А.Сатылканов), Түп (К.Т.Мукамбетов) райондук жалпы дарыгердик практика борборлорунун директорлоруна карата тартиптик жаза көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине сунуш киргизилсин.
15. Ысык-Көл (К.А. Жумадылов), Тоң (Б.К. Астанакулов) райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдерге аткаруу тартибинде кетирген кемчиликтер үчүн:
– Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Тентимишовдун, Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Мамытовдун ээлеген кызмат ордуларын карашсын;
– Ысык-Көл районун Ананьево, Тамчы, Абдрахманов, Темир, Семеновка, Бостери жана Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөт башчыларына эскертүү берүү жагы каралсын;
– Ысык-Көл районун Ананьево, Тамчы, Темир, Семеновка, Бостери, Садыр-Аке, Өрүктү жана Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчыларына эскертүү берүү жагы каралсын;
– Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси кызматка жаңы дайындалганына байланыштуу мэриянын аткаруучулук тартип жана жарандардын кайрылууларын өз убагында кароо боюнча натыйжалуу чараларды көрсүн.
16. Ысык-Көл, Тоң райондук мамлекеттик администрациялардын жана алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Каракол шаардык мэриясынын аткаруучулук тартиби толук кандуу аткарылбагандыгы белгиленсин.
17. Райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, Каракол, Балыкчы шаарларынын мэрлери, айылдык аймактардын айыл өкмөт башчылары:
– 2023-жылы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн өсүү темпин камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди алып барышсын;
– негизги капиталга болгон инвестициялардын көрсөткүчтөрүн райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, Каракол, Балыкчы шаарларынын мэрлери тийиштүү тармактар менен толук көзөмөлгө алып, так, туура жана өз убагында аткарылышын камсыз кылууга жетишүүсү тапшырылсын;
– “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” тууралуу №291 токтомунун сапаттуу аткарылышын камсыз кылышсын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү И.Ж.Иманбетовдун тапшырмасына ылайык ар бир район, айыл аймактарында жумушчу топ түзүү менен жер фондун инвентаризациялоо иштери боюнча коюлган тапшырма жеринде көзөмөлгө алынсын;
– облустун аймагында кышкы мезгилге жетиштүү деңгээлде тоют менен камсыз кылуу иштерин колго алышсын;
– күзгү оруп жыйуу жана айдап себүү иштерине даярдык көрүү иштерин колго алышсын;
– жайыт жана СПАдын ишмердүүлүгүн жакшыртуу багытында иш алып барышсын;
– жер фондусун толук инвентаризациялоо иштерин бүтүрүшсүн;
– 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгын эске алуу менен республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин пландалган баардык кирешелердин толук түшүүсүн камсыздоону салык кызматтары, финансы кызматтары менен биргеликте күчѳтүлгѳн иш-чаралар менен колго алышсын;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июну, № 378-т тескемесинин аткарылышы менен Жергиликтүү бюджеттерди түзүү, аткаруу жана отчеттуулук маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин сактоо менен бюджеттин киреше бѳлүгүнүн планын бекитүүдѳ , салыктын баардык түрүнѳн реалдуу эсептѳѳлѳрдү жүргүзүп, салык базаларын тактап пландык кѳрсѳткүчтѳрдү реалдуу түрдѳ кабыл алуу менен так бекитүүнү финансы жана салык кызматтарынын жетекчилиги менен биргеликте иштеп чыгышсын;
– ѳнүктүрүү фонддорунун каражаттарынан ишкерлерге бюджет толтуруучу, жумуш ордун берүүчү долбоорлорду каржылоого кѳмѳк кылышсын;
– ишкерлер менен салыктардын түрлөрү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдүн аткарылбай калганынын негизги себебин аныктап, салыктардын бюджетке карыз мекемелери жана ишкерлери менен иш-чараларды уюштуруп, алардын ишмердигиндеги кѳйгѳйлѳрдү билип, экономиканы жандандырууга сунуштарын колдоо менен фонддордун каражаттарынан, башка инвестициялык булактар менен жеңилдетилген пайыз насыялар менен иштѳѳ үчүн, банкирлердин, ички жана тышкы инвесторлор менен иш жүргүзүп ишкерлерге жакындан кѳмѳк кѳрсѳтүп, жаны ишканаларды ачып, жумуш орундарын түзүү менен бюджеттин планын 100 пайыздан кем эмес аткарууну колго алышсын;
– бюджеттин киреше бѳлүгүн кѳбѳйтүүгѳ карата кошумча резервдерди табышсын, салык карыздарын жоюууну, 9 айдын жыйынтыгы менен жер салыктарынын жана ФПСтин жерлеринин ижара акыларын карап көрүү менен толук маалымат менен каралсын;
– энелердин жана ымыркай балдардын өлүмүн болтурбоо жана азайтуу, камсыздандырылбаган жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полистери менен камтуу, жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, эмдөөдөн баш тарткандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чараларынын көзөмөлү күчөтүлсүн;
– жаш мугалимдерге ар тараптуу жардам көрсөтүп, мугалимдердин социалдык абалын жакшыртууга көмөк көрсөтүү жагы жергиликтүү бюджеттен чечилсин;
– маданият бөлүм башчылары менен биргеликте облустун маданият тармагын өнүктүрүү үчүн креативдүү маданий долбоорлорду ишке ашырууну аны менен катар эл аралык туристтерге кыргыз маданиятын таанытуу долбоорун иштеп чыгууну, мектеп театрын жандандыруу жагы милдеттендирилсин;
– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын негизинде кабыл алынган сырткы жарнамалар, мекеме-ишканалардын аталыштары, кулактандыруулар, көрнөк-жарнак маалыматтар «Кыргыз Республикасынын конституциясынын, мамлекеттик тили, жарнама жөнүндө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо» мыйзамдарын күчөтүлгөн тартипте аткарууга алышсын;
– облустук жаштар иштери жана спорт башкармалыгы облус аймагында эл аралык, республикалык жана облустук таймаштарда алдыңкы орундарды алган спортчуларга мониторинг жүргүзүү менен жаштар арасында спортту жайылтууда машыгуулардан сырткары атайын билим берүү мектептеринде массалык спорттук иш-чараларды уюштурууну колго алсын;
– үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, жаш өспүрүмдөрдүн арасында суицид, зордук, зомбулукка кабылган фактылар боюнча бериле турган маалыматтар Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, кызматтык пайдалануу үчүн (КПҮ) тартиби боюнча берилип турсун;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин укуктук ченемдик актыларын Ыйгарым укуктуу өкүлдүн өздүк чечимдерин сапаттуу аткарылышын ар тараптуу талдоо, коюлган милдеттердин чечилишине багытталган иш-аракеттерди жүргүзүүнү камсыз кылууну жеке көзөмөлгө алышсын;
– мамлекеттик программаларды аткарууда кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алышсын;
– жооптуу кызматкерлердин ээлеген кызматтарына ылайыктуулугун кароо менен бирге жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарылбагандыктары жана кемчиликтерди кетиргендиктери үчүн дисциплинардык чараларды көрүшсүн;
– иш кагаздары менен иштөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” №120 токтомуна, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби тууралуу” Мыйзамына ылайык келтиришсин;
– жарандардын кайрылууларын, арыз, даттанууларын кароонун тартиби жөнүндө мыйзам талаптары бузулуп жана аткаруу мөөнөттөрү создуктурулган учурлар орун алса, жооптуу болгон аткаруучуга жана жетекчиге таасир этүүчү, кызмат ордунан бошотууга чейинки тартиптик чараларды колдонсун;
– социалдык тармактар, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чыгып жаткан кайрылуулар боюнча мониторинг жүргүзүлүп, тиешелүү иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин;
– келип түшкөн арыз, кайрылууларына убагында реакция кылуу, ыкчам жана ишенимдүү жооп берүү жана объективдүү кароо максатында, курамдарында райондук, шаардык мекемелердин, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган атайын жумушчу комиссияларын түзүп, арыз ээлерине арыздарды кароонун жыйынтыктарынын жооптору милдеттүү түрдө жазуу түрүндө беришсин;
– райондук мамлекеттик администрацияларда, мэрияларда, айыл өкмөттөрдө калк менен жолугушууларды алдын-ала түзүлүп, бекитилген графиктерге ылайык жүргүзүүнү күнүмдүк иш жөндөмдүүлүктөргө киргизишсин. Жолугушуулардын, жыйындардын протоколдорун милдеттүү түрдө толтурушуп, жолугушууда көтөрүлгөн жарандардын сунуштарына, арыз, кайрылууларына карата атайын иш-чараларды иштеп чыгышып, кабыл алынган чечимдерди, тапшырмаларды аткарууну көзөмөлгө алышсын. Жарандардын жеке кабыл алуусундагы тапшырмалардын аткарылыштарынын көзөмөлдөрүн күчөтүшсүн;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы ПТ №197 тескемеси менен бекитилген “Коомдук кабылдамалар жөнүндө” жобонун талаптарын кынтыксыз аткарууга алынсын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык чыгып жаткан Кыргыз радиосунун “Биринчи кабылдама” радио уктурусунда берилген арыз, даттануулар менен иш алып баруучу кызматкер, эфир аркылуу берилген арыз-даттануулар боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын берсин;
– иш кагаздардын жана арыз, кайрылуулардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында райондук мамлекеттик администрацияларда, шаардык мэрияларда, бардык айыл өкмөттөрдө электрондук иш кагаздар (ЭДТ) программасы менен иштөөсүн камсыз кылышсын;
– ыкчам чараларды чечүүдөгү аппараттык кеңешмелердин ролун жана маанисин жогорулатышсын. Аппараттык кеңешмелердеги кабыл алынган чечимдерди катуу көзөмөлгө коюп, аларды аткарууда конкреттүү аткаруучуларга милдеттүү түрдө жеткиришсин;
– коомдук саясий абалдын туруктуулугун сактоого, укук бузууларды алдын алуу шарттарын түзүп, көзөмөл иштерин күчөтүп, элдин арасында туура жана жеткиликтүү маалыматтарды жеткирип, түшүндүрүү иштерин ар дайым жүргүзүп турушсун.
18. Облустук ички иштер башкармалыгы, райондук мамлекеттик администрация башчылары, Каракол, Балыкчы шаарларынын мэрлери тийиштүү облустук түзүмдөр жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
– кылмыштуулуктун, анын ичинде оор кылмыштарын алдын алуу жана кылмыштарды болтурбоо боюнча координацияланган алгылыктуу иштерди алып барышсын;
– жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, аларга карата кылмыштардын жана жаш өспүрүмдөр арасында өзүн-өзү өлтүрүүнү алдын алуу максатында, укуктук маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүп, 2023-2024 окуу жылдарга карата жашы жете электер жана окуучулардын арасында укук бузуучулуктардын алдын алуу боюнча облустун ведомстволор аралык биргелешкен пландын иш-чараларын ишке ашыруу менен, системалуу негизде жана жогорку деңгээлде иштерди алып барышсын;
– Экология кызматкерлери менен биргеликте, Ысык-Көл облусунун аймагында браконъерликке каршы күрөшүүнү күчөтүп, Ысык-Көлдүн акваториясында жана башка суу обьектилеринде мыйзамсыз балык улоого, мыйзамсыз карагай кыюуну болтурбоо иштери жүргүзүлсүн.
19. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун сактоо бөлүмдөрү менен биргеликте коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоо иштерин натыйжалуу жүргүзүү, үгүт-насаат иштерин, жол кырсыктарынан каза болгондордун жана жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы оор жол кырсыктардын санын кыскартууга багытталган иш аракеттер жүргүзүлсүн.
20. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы суу обьектилеринде адамдын өмүрүн сактоо, өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча күч каражаттарды даярдыкта кармоо иштерин уюштуруп, тийиштүү машыгууларды өткөрүп турсун.
21. Райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, Каракол, Балыкчы шаарларынын мэрлери, облустук жана райондук мамлекеттик органдардын түзүмдөрүнүн жетекчилери чечимдин тапшырмаларынын сапаттуу аткарылышынын жыйынтыгы боюнча жеке жоопкерчиликтери карала тургандыгы белгиленсин.
22. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарларына, аппарат жетекчисине жана аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.