Ынтымак сейил багына көзөмөл камералары орнотулду

Октябрь районунун аймагындагы Ынтымак сейил багында видео көзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын пресс-борборунан билдиришти.

Бүгүнкү күндө жүзүн таануу функциясы бар 6 видео көзөмөл камерасы орнотулду, Бишкек ШИИБи VPN каналынын жардамы менен 24 саат бою укук бузуу боюнча көзөмөл жүргүзүүдө.

Мындан тышкары соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталат.

Буга чейин райондогу ири соода түйүндөрүнө демөөрчүлөр аркылуу 15тен ашык видео көзөмөл камералары орнотулган.

Белгилей кетсек, Октябрь районунун башка жерлеринде да жүзүн таануу жана аралыктан кол менен башкаруу мүмкүнчүлүгү бар камераларды орнотуу пландалууда.

Связанный пост