Япония Кыргызстанга төрт мобилдүү диагностикалык борбор берет

 Япония Кыргызстанга төрт мобилдүү диагностикалык борбор берет

Япония өкмөтү Кыргызстанга 3 миллион 442 миң доллар өлчөмүндө грант бөлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Япония бул акчага Кыргызстандын алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарындагы калкты тейлөө үчүн төрт мобилдик диагностикалык борбор сатып алат.

Белгилей кетсек, диагностикалык борбор катары жабдылган төрт жол тандабас болот. Анын ичинде МРТ, КТ, рентген аппараты жана УЗИ болот.

Связанный пост