Япония Кыргызстанга 7,5 млн долларлык медициналык жабдуу берди
Бүгүн Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына заманбап медициналык техника — рентген-аппараттар, УЗИ системалары жана башка жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жалпы суммасы 999 млн япон иенин (болжол менен 7,5 млн АКШ доллары) түзгөн бул жабдуулар Япония өкмөтүнүн гранттык жардам программасынын алкагында Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен жеткирилди.
Аземге саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки, Жогорку Кеңештин депутаты, Япония менен достук тобунун жетекчиси Талаайбек Масабиров, JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро катышты.
Иш-чара Чүй райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун базасында өттү.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Япония өкмөтүнө жана JICAга Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумуна үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келатканы үчүн ыраазычылык билдирди. «Жеткирилген жабдуулар жугуштуу эмес оорулардын диагностикасын жана дарылоосун жакшыртып, Бишкек жана Чүй областтарынын жашоочулары үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат», — деп белгиледи министр.
Бул демилге жогорку суроо-талап бар болгон он саламаттык сактоо уюмдарын зарыл жабдуулар менен камсыз кылуу аркылуу жугуштуу эмес оорулардын диагностика жана дарылоо системасын чыңдоого багытталган. Долбоордун ишке ашырылышы өлкө боюнча медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга салым кошот.
Жабдууларды алган уюмдар: Жайыл, Панфилов, Москва, Сокулук, Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондорунун жалпы дарыгерлик практика борборлору, Чүй облустук бириккен ооруканасы, Токмок ЖДПБ жана Ысык-Ата районундагы Ивановка ЖДПБнын түзүмдүк бөлүмдөрү.
Маалымат үчүн: долбоор боюнча ноталарга кол коюу жана алмашуу 2023-жылдын февралында Бишкекте Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки менен КР финансы министри Алмаз Бакетаевдин катышуусунда өткөн. Гранттык жардам тууралуу макулдашуу JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгү менен КР Финансы министрлигинин ортосунда түзүлгөн.