Wildberries’теги кырдаал: Ата мекендик өндүрүүчүлөргө жеңилдиктер каралууда
Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын төрагалыгы алдында ишкерлерди жеңилдетилген шарттарда насыялоо долбоорун ишке ашырууга катышкан финансы-кредиттик уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Wildberries маркетплейсинин айланасында түзүлгөн кырдаалдын ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, анын ичинде тигүү тармагынын ишканаларынын ишмердүүлүгүнө тийгизген таасири, ошондой эле ишкерлердин финансылык жүгүн азайтуу боюнча мүмкүн болуучу чаралар талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгында түзүлгөн кырдаалдан улам финансылык кыйынчылыктарга туш болгон тигүү тармагындагы ишкерлер үчүн негизги карызды төлөө боюнча жеңилдетилген мөөнөттү узартууга багытталган конкреттүү кадамдар аныкталды.
Сунушталып жаткан чаралар кредиттик жүктү азайтууга, ишканалардын туруктуу ишин камсыз кылууга, өндүрүштөрдү жана жумуш орундарын сактоого багытталган.