VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы белгилүү болду

 VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы белгилүү болду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү программасында негизинен салттуу үч багыт – спорт, маданият, илим тармагы боюнча иш-чаралар каралаган. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин расмий маалымат жыйынында белгилүү болду.

Аталган салттуу үч багыт боюнча төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:

Спорт

Спорттук программа – этностордун түрлөрүн, салттуу оюндарды, дүйнө элдеринин таймаштарын эл аралык аренада жайылтууга жана өнүктүрүүгө багытталып бир нече категорияларды камтыйт. Алар – улуттук оюндар, ат чабыш, ат үстүндөгү оюндар, күрөштүн улуттук түрлөрү, салттуу күч сынашуу спорт түрлөрү, салттуу интеллектуалдык оюндар, салттуу жаа атуу, куштар жана тайгандар менен коштолгон улуттук аңчылыктын түрлөрү боюнча мелдештер.

Маданият

Маданий программа – дүйнөдөгү көчмөн элдердин материалдык эмес маданий мурастарын, анын ичинде салттуу музыка, бий, элдик оозеки чыгармачылык, кол өнөрчүлүк, этно моданы жайылтууга жана сактоого багытталган. Ошондой эле VI оюндардын маданий программасынын алкагында “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этникалык фестивалы өтүп, ага дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнөн өкүлдөр катышат. Программада фольклор, этно эстрада, этно бий, этно мода, элдик оозеки чыгармачылык камтылган. Андан тышкары, катышуучу өлкөлөр тарабынан өз элдеринин тарыхын, каада-салттарын, турмуш-тиричилигин жана руханий баалуулуктарын чагылдырган бирдиктүү программа сунушталат.

Белгилүү болгондой, VI оюндардын жүрүшүндө башкы маданий борбор болуп этно шаарча эсептелет. Этно шаарчада көчмөн цивилизациясын чагылдырган элдик музыка, бий, салттуу кол өнөрчүлүк, боз үй жасалгалоо боюнча сынактар өткөрүлөт. Маданий программанын алкагында улуттук маданий мурастарды даңазалоого багытталган облустардын катышуусунда “Биримдик кербени” аттуу аймактар аралык маданий долбоор каралган. Кербен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине салтанаттуу келүү менен сапарын аяктап, андан соң аймактык делегациялар этно шаарчада өз ордуларына жайгаштырылат.

Илим

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын илимий программасында көчмөн элдердин мурасын изилдөө жана таанытуу аркылуу дүйнөлүк маданий ар түрдүүлүк жөнүндө пикир алмашуулар камтылган. Бул багыттагы конференциялар Көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө өтөт. Илимий программа көчмөн элдердин мурасын изилдөө жана даңазалоо аркылуу туруктуу, маданий өз ара жашоонун модели катары көчмөн маданиятын жайылтуу менен дүйнөлүк маданий ар түрдүүлүктүн келечеги тууралуу глобалдык диалогду түзүүгө багытталган. Программа көчмөндөрдүн салттарын, үрп-адаттарын, кол өнөрчүлүгүн, спортун жана жашоо образын терең түшүнүүгө өбөлгө түзгөн илимий иш-чаралардын жыйындысын камтыйт.

Ошентип “Күч биримдиги, рух биримдиги” урааны менен өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – көчмөн элдердин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында Кыргызстан тарабынан 2012-жылы демилгеленген кеңири масштабдагы эл аралык спорттук-маданий иш-чара болуп саналат. Бүгүнкү күндө оюндарга 89 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда.

Алдыда бир гана максат VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде, өлкөбүздү дүйнө элдерине мыкты жагынан тааныта тургандай масштабда өткөрүү башка максат экенин уюштуруу комитет баса белгиледи.

Связанный пост