V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: командалык эсепте Кыргызстан экинчи орунга чыкты

9-сентябрда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук курама команда 3 алтын, 7 күмүш жана 4 коло медаль жеңди.

 

Алтын медаль ээлери:

 

– Бекболот Токтогонов (кураш, +100 кг);

– Уланбек Турганбаев (таяк тартыш, 65 кг);

– Эльза Абдыкадырова (таяк тартыш, 55 кг).

 

Күмүш медаль ээлери:

 

– Жекшенбек Турдубеков (эр эңиш, 60 кг);

– Райкан Бактыгул уулу (эр эңиш, 70 кг);

– Бекмурза Токтошев (таяк тартыш, 70 кг);

– Элдос Айтбаев (таяк тартыш, 80 кг);

– Кемал Оболбеков ( казак күрөшү, 55 кг);

– Луиза Асакеева (казак күрөшү, 48 кг);

– Асель Садырова (салттуу жаа атуу);

 

Коло медаль ээлери:

 

– Калыбек Бусурманкул уулу (эр эңиш, 80 кг);

– Байбол Саламат уулу ( казак күрөшү, 66 кг);

– Искак Токонов (салттуу жаа атуу);

– Ажар Исаева (кураш, 70 кг).

 

Мындан сырткары, ата мекендик спортчулар көк бөрү оюну боюнча Өзбекстандын командасын 12:6, көк пар (жер улак) боюнча Монголиянын командасын 16:0 ири эсебинде артта калтырышты.

 

Ошондой эле, чүкө оюну боюнча курама команда жарым финалга жолдомо алды.

Связанный пост