Унаа жолдордо кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртең, 7-мартта айрым унаа жолдорунда кар көчкүлөр атайылап түшүрүлө турганын кабарлайт.
Ведомствонун маалыматына караганда, кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында төмөнкү жолдордо кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүлөт:
– Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 293-306-чакырымында;
– Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында.
Белгиленгендей, кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте атайы артиллериялык эсепти колдонуу менен жүргүзүлөт.
“Урматтуу айдоочулар! Буга байланыштуу аталган унаа жолдордо маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Унаалардын ортосунда 500 м аралыкты сактаңыздар. Ошондой эле жарандарды түшүнүү менен кабыл алып, зарылчылык болбосо сапарга чыгуудан баш тартууну сунуштайбыз”, – деп айтылат маалыматта.