Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүлөт
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку каражат бөлүп берүү жөнүндө тескемеге кол койду.
Бул чечимге 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңген Жеңиштин дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле жыл сайын белгиленүүчү Жеңиштин 78 жылдыгын эске алуу менен кол коюлган.
2023-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери жашайт, алардын ичинен:
12 – Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;
35 – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
9 – Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка жайларда мажбурлап кармалган жашы жете элек туткундары болгон адамдардын ичинен;
12 – 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада учурунда Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен, ошондой эле «Блокадалык Ленинграддын жашоочусу» белгиси менен сыйланган адамдар.
Жогорудагы ардагерлердин ар бирине 100 000 сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.
Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсациялар (айына 7 000 сом) жана Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү стипендиясы (айына 10 000 сом) төлөнүп келет.