Улуттук онкология борборунда жабдыктар жетишсиз
Улуттук онкология жана гематология борборуна жана анын балдар бөлүмүнө жүргүзүлгөн мониторингде онкологиялык ооруларга чалдыккан бейтаптарга көрсөтүлгөн жардамдын сапаты төмөн экени аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка караганда, ооруканада нур менен дарылоочу аппараттар, заманбап диагностикалык жабдуулар, адистер, дары-дармектер жана стационардык орундар жетишсиз. Бул бейтаптардын саламаттыгы начарлап, онкологиялык оорудан каза болгондордун санынын көбөйүшүнө жана үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык абалынын начарлашына алып келет. Себеби жарандар мамлекеттик ооруканадан сапаттуу жардам ала албаганда, жеке менчик клиникаларга же чет өлкөгө барууга мажбур болушат.
Улуттук онкология борборунда нур менен дарылоочу үч гана аппарат иштеп жатат, жана алар менен бардык бейтаптарды өз убагында дарылоо кыйын. Акыркы беш жыл ичинде жаңы аныкталган бейтаптардын болгону 25,6% гана нур терапиясын ала алган. Эл аралык стандартка ылайык, 300 миң адамга бир аппарат болушу керек, Кыргызстан үчүн кеминде 20 аппарат зарыл.
Мониторинг учурунда термопластикалык беткаптар жок экени жана калган жабдуулар эскиргени аныкталды. Ошондой эле «Кыргызфармация» борборду керектүү дары-дармектер менен толук камсыз кылбай жатканын белгилешти. Борборду толук камсыздоо үчүн кеминде 2,5 млрд сом талап кылынат.
Балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүндө да ушундай эле көйгөйлөр бар. 2025-жылдын август айына карата стационарларда 60ка жакын бала дарыланган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева министрлер кабинетине, Финансы жана Саламаттык сактоо министрликтерине, ошондой эле «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына сунуштамаларды жөнөттү. Алардын катарында онкологиялык ооруларга каршы жаңы стратегияны кабыл алуу, 2025–2030-жылдарга комплекстүү план бекитүү, жабдууларга техникалык тейлөө жана дары-дармектерди сатып алуу үчүн каражатты кайра карап чыгуу кирет.
2018–2024-жылдары бул тармакка жыл сайын болгону 3 млн сом бөлүнсө, 2024-жылы каржылоо 176 млн сомго, 2025-жылы 800 млн сомго жеткен. Бирок Улуттук онкология борборунун муктаждыгын толук жабуу үчүн 4,5 млрд сом талап кылынат, бул учурда бөлүнгөн каражаттын беш эсе көп.