Улуттук госпиталда биринчи жолу кохлеардык имплант коюу операциялары жасалды

Улуттук госпиталда биринчи кохлеардык имплант коюу операциялары жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, эки бейтапка ийгиликтүү операция жасалып, учурда алардын абалы туруктуу.

“Операциялар кулак, мурун жана тамак ооруларын дарылоо үчүн заманбап медициналык жабдууларды сатып алуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин демилгесинин аркасында мүмкүн болду”, – деп айтылат маалыматта.

Операцияларды жүргүзүү жана ата мекендик адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн Кыргызстанга литвалык отоларинголог жана кохлеардык имплантация тармагындагы эксперт Гедриус ​​Гилис чакырылган. Ал кыргызстандык хирургдар менен биргелешкен операцияларды жасап, мастер-класс өткөрүп, жергиликтүү адистерге заманбап техникалар жаатында тажрыйбасы менен бөлүштү.

Улуттук госпиталдын ЛОР бөлүмүндө жогорку технологиялык операцияларды жүргүзүү үчүн угууну диагностикалоочу аудиометр, угуу функциясын өлчөө үчүн импеданстык аудиометри, Риноскопиялык комплекс, ЛОР микроскобу сатылып алынган. Сатып алуунун жалпы суммасы 15 млн сомдон ашык сумманы түздү.

Жаңы жабдуулар кохлеардык имплант коюу операцияларын жасоо үчүн гана эмес, башка татаал ЛОР ооруларын дарылоодо да колдонулат. Ал эми мындай операциялар келечекте дагы өсө берет.

Связанный пост