Улуттук банк доллардын расмий курсун төмөндөтүүнү улантууда

 Улуттук банк доллардын расмий курсун төмөндөтүүнү улантууда

Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүүнү улантууда.

 

Улуттук банк 6-июнга карата 1 доллардын расмий курсун 87,31 сом деңгээлинде бекитти, ошентип курс 0,26%га төмөндөдү. Евронун дагы курсу төмөндөп, 94,96 сом, рубль 98 тыйын, теңге 19 тыйындан сатылууда.

 

Коммерциялык банкттарда доллардын орточо курсу сатууда — 87,99 сом, сатып алууда — 87,17 сомду түздү.

 

Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунан долларды сатып алуу боюнча 8 ирет интервенция жасады.

Связанный пост