Уланбек Далиев аймактагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш- чараларды күчөтүү боюнча тапшырма берди
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдери, Каракол жана Балыкчы шаарларынын мэрлеринин катышуусунда аппараттык жыйын өткөрдү.
Күн тартибинде нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу калктын коопсуздугун камсыздоо жана селдерди алдын алуу боюнча маселелер каралды.
Облус башчынын айтымында дарыялардагы суунун деңгээли нормадан ашык көтөрүлүшү ыктымал.
«Жарандардын коопсуздугу биринчи орунда турат. Табигый өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү зарыл. Тобокелдиктерди минималдаштыруу жана өзгөчө кырдаалдарда ыкчам чара көрүү боюнча бардык кызматтардын жана бөлүмдөрдүн аракеттерин координациялоо зарыл», — деди Уланбек Далиев.
Мындан тышкары, Уланбек Далиев калкка мүмкүн болуучу коркунучтар тууралуу өз убагында маалымат берүү жана селдин кесепеттерин алдын алуу боюнча алдын алуу чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.