Улан Маматкановдун талапкерлиги комитет тарабынан жактырылды
Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна Улан Маматкановду дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Жыйынтыгында комитет министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына Улан Маматкановду дайындоого макулдук берүү маселесин жактырып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.