Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейи жаңыланат

 Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейи жаңыланат

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейи жаңыланат. Бул тууралуу Ленин муниципалдык администрациясынан билдиришти.

Буга байланыштуу көчмө жыйын өтүп, анын жүрүшүндө үй-музейдин имаратын калыбына келтирүү, айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин күчөтүү, заманбап сугаруу системасын орнотуу жана тышкы жарыктандырууну жаңылоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле аймактагы инфраструктураны жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча сунуштар айтылды.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга белгиленген мөөнөттөрдө аткарууга багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.

Связанный пост